@article{article_485078, title={1930-жж. КЫРГЫЗСТАНДАН КЫТАЙГА ЭМИГРАЦИЯЛЫК КЫЙМЫЛДАР}, journal={MANAS Sosyal Araştırmalar Dergisi}, volume={4}, pages={1–12}, year={2015}, author={алтымышова, зухра}, keywords={Emigration, Kyrgyzstan, Soviet government, collectivization, China}, abstract={Түркстандагы 1916-жылдагы Үркүн окуясында орус империясынын колониялык саясатына каршы көтөрүлүшкө чыккан кыргыздардын бир бөлүгү кошуна Кытайга жер которушуп, көп жоготууларга дуушар болушкандыгы маалым. Ал эми 1920-жылдарда Совет бийлиги тарабынан 1916-жылдагы качкындарды мекенине кайтаруу жана жайгаштыруу боюнча иштер жүргүзүлгөн. Бирок кайра ошол эле Совет бийлигине нааразы болгон чек арада жашаган айрым кыргыздардын өз ыктыяры менен 1930-жж. Кытайга көчүп кетишкендигин архив материалдары жана оозеки маалыматтар тастыктайт. Макалада 1930-жж. республикадагы эмиграциялык кыймылдардын саясий жана социалдык-экономикалык себептери анализденет, ошондой эле Совет өкмөтүнүн чек арадагы аймактарда бул абалды жөнгө салуу чаралары баяндалат.}, number={1}, publisher={Kyrgyz-Turkish Manas University}