@article{article_520582, title={Осмонаалы Сыдыковдун чыгармалары жана алардын тарыхый мааниси}, journal={MANAS Sosyal Araştırmalar Dergisi}, volume={7}, year={2018}, author={Kocobekov, M.}, keywords={Сыдыков Осмонаалы,“Муктасар тарих-и Кыргызиа”,“Тарих-и кыргыз Шадмания”,кыргыз тарыхы,санжыра,тарыхчылык.}, abstract={Осмонаалы Сыдыков өз мезгили үчүн жетиштүү билим алган жана ошол кездеги шартка ылайык коомдон алдыга озгон инсан болгон. Ал кыргыз калкынын тарыхын изилдеп, абалын аныктайм деп аракеттенип, талыкбай материал топтогон. Натыйжасында, эки чыгарма жазылып, алар алыскы Уфа шаарында 1913, 1914-жылдары басмаканадан өз алдынча эки китеп болуп жарыяланган. Автор чыгармаларга тарых китеби деген аталыш ыйгарып, алардын кыргыз тарыхы боюнча биринчи китеп катары каралышына негиз салган. Совет бийлигинин калыптануу учурунда белгисиз себептерге байланыштуу О. Сыдыков эл-жеринен качып, анын чыгармаларына тыю салынган. Мындан улам, коомчулук агартуучунун эмгектери менен тааныша албай, алардын маани-мазмуну изилденбей келген.Макалада, О. Сыдыковдун эмгектери талданып, анда орун алган маалыматтардын тарыхый мааниси көрсөтүлөт.}, number={3}, publisher={Kyrgyz-Turkish Manas University}