Ферменттелген тамак-аш азыктары – чийки заттын тамак-аш баалуулугун жана органолептикалык касиеттерин бир кыйла жогорулатып, азыктын сактоо мөөнөтүн узарткандыктан дүйнө жүзү боюнча чоң мааниге ээ. Бозо жана бозо сыяктуу ичимдиктер Орто Азияда, Түркия, Орусия, Чыгыш Европа, Африка өлкөлөрүндө, Жакынкы Чыгышта жана Түндүк Иранда жасалат. Бул ичимдиктердин азыктык жана биологиялык баалуулугу жогору болгондуктан адамдын күнүмдүк рационундагы мааниси абдан чоң. Суусундуктар углеводдор, витаминдер, минералдык заттар, органикалык кислоталар жана башка биологиялык активдүү компоненттердин булагы болуп саналат. Ошондой эле бозодо ар түрдүү пробиотикалык сүт кычкыл бактерияларынын камтылышынан улам функционалдык азык катары кабыл алууга болот. Бозо ферментациясына Leuconostoc, Lactobacillus, Pediococcus, Weissella урууларына кирген сүт кычкыл бактериялары, ошондой эле Saccharomyces, Candida, Geotrichum, Pichia, Nadsonia урууларына кирген ачыткылар катышкандыгы аныкталган.
Fermented foods are of great importance world-wide because they improve nutritional and
organoleptic properties of the raw materials used, and they have prolonged shelf-life. Bozo is still
produced and consumed with different recipes and methods in Central Asia, Turkey, South
Russia, East European countries, African countries, Middle East, and Northern Iran. These
beverages are valuable source of carbohydrates, vitamins, minerals, organic acids and other
biologically active components. It can be marketed as a functional food product due to content of
the number of different probiotic lactic acid bacteria. Lactic acid bacteria and yeasts responsible
for Bozo fermentation were identified as Leuconostoc, Lactobacillus, Pediococcus, Weissella and
Saccharomyces, Candida, Geotrichum, Pichia, Nadsonia, respectively. In this review,
preparation methods, chemical composition and nutritional value as well as microflora
composition of Bozo and similar cereal-based fermented beverages of different cultures were
summarized.
Primary Language | English |
---|---|
Subjects | Engineering |
Other ID | JA49KH87AH |
Journal Section | Research Article |
Authors | |
Publication Date | May 1, 2017 |
Published in Issue | Year 2017 Volume: 5 Issue: 1 |
Manas Journal of Engineering