Research Article

Нурмолдо Наркул уулунун ырларындагы диний (исламдык) мотивдер

Volume: 4 Number: 1 June 19, 2025
TR KY EN

Нурмолдо Наркул уулунун ырларындагы диний (исламдык) мотивдер

Abstract

Бул изилдөөдө кыргыздын караңгыда көз, капилеттен сөз тапкан төкмө жана жазма акындарынын бири, агартуучу Нурмолдо Наркул уулунун өмүр баяны жана анын ырларындагы диний (исламдык) мотивдер тууралуу жазылды. Изилдөөнүн максаты — акындын чыгармачылыгында чагылдырылган ислам дининин негизги баалуулуктарын, диний-философиялык көз караштарын жана алардын көркөм поэтикалык чагылуусун аныктоо. Изилдөө адабият таануу, теология жана тарых илимдеринин айкалышында жүргүзүлдү. Автордун ырларында ислам дининин негизги түшүнүктөрү, руханий баалуулуктар, моралдык-этикалык темалар кеңири чагылдырылган. Айрыкча, Куран аяттарына шилтемелер, пайгамбарлардын өрнөктүү өмүрлөрү, адеп-ахлак маселелери чыгармачылыгынын маанилүү бөлүгүн түзгөн. Изилдөөдө акындын поэзиядагы диний темалар аркылуу руханий агартууну жүргүзүү менен коомду агартууга умтулгандыгы белгиленди. Нурмолдонун поэзиясы ошол доордун диний жана социалдык кырдаалына жооп катары жаралып, бүгүнкү күндө да актуалдуулугун жоготпой келет. Анын ырлары диний-этикалык мазмуну менен гана эмес, поэтикалык түзүлүшү жана көркөм стили менен да кыргыз адабиятынын баалуу мурасы катары бааланат. Акындын ырлары — диний мазмундагы тарбиялык күчкө ээ чыгармалардын катарын толуктайт. Алар бүгүнкү күндө да актуалдуу болуп, жаш муунду руханий жактан тарбиялоодо аябай маанилүү булак болуп саналат.

Keywords

Thanks

Бул эмгекти жазууда бизге колдоо көрсөткөн Доц. м.а. док Айтмамат Кариев агайыбызга терең ыраазычылык билдиребиз.

References

  1. Аймак.kg сайты. “Нурмолдо-көп кырдуу улуу инсан”. Маалымат алынган күн 3- май 2025. https://aimak.kg/janylyktar/madaniyat-bilim/45654- nurmoldo-k%D3%A9p-kyrduu-uluu-insan.html
  2. Акматалиев, Абдылдажан – Көлбаева Мээрим.“Айтыш” сериясы, Айтыш. Бишкек: Принт-Экспресс, 2015.
  3. Акматалиев, Абдылдажан (ред).“Залкар акындар” сериясы, Нурмолдо, Боогачы, Казыбек. 12-том. Бишкек: Принт-Экспресс, 2- чыгарылыш, 2016.
  4. Акматалиев, Абдылдажан (ред.). Кыргыз адабиятынын тарыхы. 4-том. Бишкек:2002.
  5. Арыба.kg. сайты. “Жеңижоктун өмүрү, чыгармачылыгы такталууга тийиш”. Маалымат алынган күн 16-май 2025. https://aryba.kg/koom/104859- zheizhoktun-mr-chygarmachylygy-taktaluuga-tijish.html
  6. Байгазиев, Советбек –Муратов, Абдыкерим. Кыргыз адабияты 10-класс. Билим куту, 2007.
  7. Байгазиев, Советбек. Нурмолдо- XIX кылымдын агартуучусу жана даанышман педагогу. Бишкек:Эркин Тоо,2005.
  8. Гөкче, Ферхат (ред.). Хадистердин негизинде Ислам, котор. Абдилазиз Калбердиев-Азиз Ташболотов. Бишкек: Из-Басма, 2018.

Details

Primary Language

Kyrgyz

Subjects

Religious Studies (Other)

Journal Section

Research Article

Publication Date

June 19, 2025

Submission Date

May 26, 2025

Acceptance Date

June 11, 2025

Published in Issue

Year 2025 Volume: 4 Number: 1

APA
Rakhmonova, A. (2025). Нурмолдо Наркул уулунун ырларындагы диний (исламдык) мотивдер. MANAS Journal of Religious Sciences, 4(1), 44-57. https://izlik.org/JA58LG55LS
AMA
1.Rakhmonova A. Нурмолдо Наркул уулунун ырларындагы диний (исламдык) мотивдер. MANAS Journal of Religious Sciences. 2025;4(1):44-57. https://izlik.org/JA58LG55LS
Chicago
Rakhmonova, Aizirek. 2025. “Нурмолдо Наркул уулунун ырларындагы диний (исламдык) мотивдер”. MANAS Journal of Religious Sciences 4 (1): 44-57. https://izlik.org/JA58LG55LS.
EndNote
Rakhmonova A (June 1, 2025) Нурмолдо Наркул уулунун ырларындагы диний (исламдык) мотивдер. MANAS Journal of Religious Sciences 4 1 44–57.
IEEE
[1]A. Rakhmonova, “Нурмолдо Наркул уулунун ырларындагы диний (исламдык) мотивдер”, MANAS Journal of Religious Sciences, vol. 4, no. 1, pp. 44–57, June 2025, [Online]. Available: https://izlik.org/JA58LG55LS
ISNAD
Rakhmonova, Aizirek. “Нурмолдо Наркул уулунун ырларындагы диний (исламдык) мотивдер”. MANAS Journal of Religious Sciences 4/1 (June 1, 2025): 44-57. https://izlik.org/JA58LG55LS.
JAMA
1.Rakhmonova A. Нурмолдо Наркул уулунун ырларындагы диний (исламдык) мотивдер. MANAS Journal of Religious Sciences. 2025;4:44–57.
MLA
Rakhmonova, Aizirek. “Нурмолдо Наркул уулунун ырларындагы диний (исламдык) мотивдер”. MANAS Journal of Religious Sciences, vol. 4, no. 1, June 2025, pp. 44-57, https://izlik.org/JA58LG55LS.
Vancouver
1.Aizirek Rakhmonova. Нурмолдо Наркул уулунун ырларындагы диний (исламдык) мотивдер. MANAS Journal of Religious Sciences [Internet]. 2025 Jun. 1;4(1):44-57. Available from: https://izlik.org/JA58LG55LS