Pamir Kırgız bilmece etnfelsefe gökyüzü yıldızlar kavram концепт
Бул макалада Түркиядя жашап жаткан памир кыргыздарынын табышмактарында учураган асман жана жылдыздар концептери тууралуу сөз болмокчу. Макаланын негизги мазмунун бул концепттердин элдик оозеки табышмактардын көркөм түзүлүшүнөн орун алышынын коомдук-турмуштук, ойломдук негиздери, аткарган милдеттери, колдонулушунун сандык жана сапаттык өзгөчөлүктөрү тууралуу айтылган пикир жана көз караштар түзөт. Талдоого алынып жаткан тексттердин өзгөчөлүгүнө жараша, асман жана жылдыздар концептеринин ар биринин жалгыздан, жеке-жеке колдонулган жана алардын бирге, жупташа колдонулган өрнөктөрү гана изилдөөнүн объектиси боло алды. Аталган эки концептин тең башка космостук объектилер, мисалы, Ай, Күн, Жер ж.б. менен бирге табышмак денотатынын ролун аткарган учурлары кийинки, өз алдынча аткарыла турган изилдөөлөр үчүн калтырылды.
Primary Language | Kyrgyz |
---|---|
Journal Section | Research Articles |
Authors | |
Early Pub Date | December 22, 2022 |
Publication Date | December 31, 2022 |
Submission Date | December 14, 2022 |
Published in Issue | Year 2022 Volume: 2 Issue: 2 |