Ислам укуктук ой жүгүртүүсүндө “раьй” жана “ахл аль-раьй” түшүнүктөрүнүн тарыхый өнүгүү процесси жана методологиялык өзгөчөлүктөрү
Öz
Бул макалада Ислам укуктук ой жүгүртүүсүндөгү негизги түшүнүктөрдүн катарына кирген “раьй” жана “ахл аль-раьй” терминдери тарыхый-усулдук контекстте талдоого алынат. Изилдөөнүн негизги максатын бул терминдерди “жеке каалоо” же “диндин негизги тексттерине каршы чыгуу” сыяктуу тар жана негативдүү чечмелөөлөрдөн арылтып, анын чыныгы методологиялык маанисин ачып берүү түзөт. Ошондой эле “раьй” термининин Ислам укуктук ой жүгүртүүсүндөгү ордун жана “ахл аль-раьй” деген атка конгон Ирак (Куфа) мектебинин тарыхый өнүгүү жолун жана мунун негизинде ханафий мазхабынын калыптануу процессин изилдөөнү да максат кылат. Изилдөөнүн проблемасы раьйдын Куран менен Сүннөттүн тексттерине каршы эмес, кошумча укуктук булак катары колдонулушунун алгачкы доордон баштап, ханафий мазхабында системалуу усулга айланышынын жана ахл аль-хадис тарабынан сынга алынышынын себептерин жана контексттерин тактоодон турат. Изилдөөнүн натыйжасында, ахл аль-раьй Иракта социалдык жана экономикалык жактан татаалдашкан коомдо зарылчылыктан улам пайда болгон, системалуу жана усулдук негизде иш алып барган укуктук-философиялык мектеп болгон деген жыйынтык чыгарылат. Ошондой эле бул изилдөө ахл аль-раьйдын, өзгөчө ханафий укук таанучулардын максаты шариаттын жоболорун коомдук шарттарга жана жаңы көйгөйлөргө ылайыкташтыруу аркылуу укуктук адилеттүүлүктү жана ийкемдүүлүктү камсыздоо болгонун көрсөтөт.
Anahtar Kelimeler
Etik Beyan
Kaynakça
- Apaydın, H. Yunus. “Re’y”. TDV İslâm Ansiklopedisi. 35/37-40. İstanbul: TDV Yayınları, 2008.
- Bedir, Murteza. Fıkıh Mezhep Sünnet: Hanefi Fıkıh Teorisinde Peygamber’in Otoritesi. İstanbul: Değerler Eğitim Merkezi [Dem], 2017.
- Karaman, Hayreddin. İslam Hukuk Tarihi. İstanbul: İrfan Yayınevi, 1975.
- Kılıçer, M. Esat. “Ehl-i Re’y”. TDV İslâm Ansiklopedisi. 10/520-524. Ankara: TDV Yayınları, 1994.
- Öğüt, Salim. “Ehl-i Hadis (Fıkıh)”. TDV İslâm Ansiklopedisi. 10/508-512. Ankara: TDV Yayınları, 1994.
- Özen, Şükrü. “Nehaî”. TDV İslâm Ansiklopedisi. 32/537. İstanbul: TDV Yayınları, 2006, 32/537.
- Şehristânî, Muhammed b. Abdülkerim. İslam Mezhepleri (el-Milel ve’n-Nihal). çev. Mustafa Öz. İstanbul: Ensar Neşriyat, 2005.
- Ахмед Амин. Духа аль-Ислам. 3 том. Бейрут: Дар аль-кутуб аль-арабий.
Ayrıntılar
Birincil Dil
Kırgızca
Konular
İslam Hukuku
Bölüm
Araştırma Makalesi
Yazarlar
Zharkynbai Sebetov
*
0009-0003-6379-3423
Kyrgyzstan
Yayımlanma Tarihi
25 Haziran 2026
Gönderilme Tarihi
19 Mart 2026
Kabul Tarihi
20 Mayıs 2026
Yayımlandığı Sayı
Yıl 2026 Cilt: 5 Sayı: 1
