Öz
Бул макалада көздөлгөн максат памир кыргыздарынын Ай менен Күн жөнүндөгү этнофилософиялык ойлом натыйжаларын жаңыдан, илимий талаптарга ылайык жазылып алынган, ишенимдүү фольклордук тексттердин негизинде талдап көрсөтүү, ошону менен бирге, социалдык-гуманитардык илимдер тутумундагы мына ушул жаңы багытка таандык илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнү колго алуунун зарыл экендигин ыспаттоо болуп саналат.
Макаланын булактык негизин автордун Түркияда жашап жаткан памир кыргыздарынын арасынан 1997-жылдын май айынан тартып ушул күнгө чейинки жыйнап, иреттеп келген, азырынча жарыялана элек элдик табышмак тексттери, анын ичинен Ай менен Күн жөнүндө айтылган табышмак өрнөктөрүнүн белгилүү бир тобу гана түздү. Илимий талдоолор жекеден жалпыга, жөнөкөйдөн татаалга карай сыпаттоо усулуна ылайык ишке ашырылып, акырында жалпылаштырылган этнофилософиялык корутунду чыгарылды.