«Манас» эпосундагы жер-суу аттары («Манас» эпосунун сюжеттик-тематикалык көрсөткүчүнүн негизинде)
Öz
Макалада «Манас» эпосунун төрт вариантында кездешкен жер-суу аттары талдоого алынды. Изилдөөдө негизги булак катары «“Манас” эпосунун сюжеттик-тематикалык көрсөткүчү – I» китептеринин изилдөө объектисин түзгөн Нарын аймагынан чыккан манасчылар Сагымбай Орозбаков, Молдобасан Мусулманкулов, Багыш Сазанов, Шапак Рысмендеевдердин варианттары пайдаланылды. Бул төрт вариантта бардыгы 1700дөн ашык жер жана суу аты кездешет. Алардын ичинде жер аттарын да, суу аттарын да билдирген аталыштар бар. Көрсөткүчтө шарттуу түрдө жер аттары жана суу аттары болуп экиге ажыратылып берилген. Варианттардагы окшош жер-суу аттары өзүнчө талдоого алынып, бир вариантта кездешип башкаларында учурабаган жер-суу аттары аныкталды. Эпосто көптөгөн эл, уруу, мифтик жандыктар турак кылган жер-суу аталыштары байыркы учурдан азыркыга чейин көчүп-конуп жашаган, түрдүү себептерге байланыштуу жер ооштуруп, көчүүгө аргасыз болгон кыргыз элинин мекендеген, душмандандардан бошоткон жерлеринин аттары кездешет. Тарыхчылар менен географтардын, антропологдор менен этнографтардын, лингвисттер менен социологдордун кызыгуусун арттырып, чыныгы тарыхтын эпосто көркөм чагылдырылышын, айтуучулук өнөрдүн түрдүү кырларын изилдеген фольклористтерге бул багыттагы изилдөөлөр баалуу булактардан боло алат. Эпостогу башкы окуялар өткөн Алтай, Талас, Ташкен, Алай, Анжыян, Букар, Ат-Башы, Ысык-Көл, Нарын, Орол-Тоо, Урум сыяктуу жана башка аталыштардын варианттарда кездешүү жыштыгы салыштырмалуу түрдө сыпатталып берилди.
Anahtar Kelimeler
Etik Beyan
Kaynakça
- Anzerlioğlu, Y. (2009). Kirim’in Hiristiyan Türkleri: Urumlar. Millî Folklor, 21(84), 107–108.
- Köchkünöv, A. (2024). “Manas” eposunun kelip чыgyshynyn taryhyi negizderi: Monografiya. Turar.
- Kulaalieva, K. (2021, Mayıs 24–27). “Manas” eposundagy Altai, Altai too toponimderi. Uluslararası Türk Dünyası Yunus Emre Sempozyumu Bildiri Kitabı, Ankara, Bengü Yayınları, 579–586.
- “Manas” eposunun syujettik-tematikalyk körsötküchü – I: 4-kitep. (2019). KTMU.
- “Manas” eposunun syujettik-tematikalyk körsötküchü – I: 5-kitep. (2020). KTMU.
- Manas: Baatyrdyk epos (B. Sazanovdun varianty boyuncha). (2017). (Z. Kulbarakova, Tüz.). Biyiktik Plus.
- Manas: Baatyrdyk epos (M. Musulmankulovdun varianty boyuncha). (2017). (Zh. Ömüralieva, Tüz.). Biyiktik Plus.
- Manas (Sh. Rysmendeevdin varianty boyuncha). (2013). (A. Zhainakova, Tüz.). Gazeta KG.
Ayrıntılar
Birincil Dil
Kırgızca
Konular
Kuzey-Batı (Kıpçak) Türk Lehçeleri ve Edebiyatları
Bölüm
Araştırma Makalesi
Yazarlar
Kaliya Kulaliyeva
*
0000-0003-2755-7880
Kyrgyzstan
Yayımlanma Tarihi
25 Haziran 2026
Gönderilme Tarihi
21 Nisan 2026
Kabul Tarihi
5 Haziran 2026
Yayımlandığı Sayı
Yıl 2026 Cilt: 7 Sayı: 1