Топоздордун (Bos grunniens) иерархиялык мамилелерин аныктоодо туз берүү процессин колдонуу
Öz
Кыргыз популяциясындагы топоздордун бийик тоолуу жайыттардын шарттарындагы иерархиялык мамилелери визуалдык байкоолорду жүргүзүү менен изилденди. Изилдөө объектиси катары ар кандай курактагы 60 баштан турган кыргыз популяциясындагы топоздордун үйүрү алынды. Топоздор жайытта күнү-түнү болушуп, эркин оттошуп, сууну каалаган убагында ичишип, колдон болгону аш туз алып турушту. Топоздордун үйүрүндөгү иерархиялык даражалар «туз берүү процесси» колдонулуп аныкталды. Жүрүш-туруш иерархиясын аныктоодо ар бир топоз үчүн ийгилик көрсөткүчү катары орун которуштуруу индекси эсептелип (иерархия индекси, ИИ), үч категорияга бөлүндү: төмөн, орточо жана жогорку. Топоз үйүрүндөгү абсолюттук басымдуулукка бука топоздор ээ болушту (ИИ=0,80–1,0, n=5). Бука топоздордун арасында дагы ирилери жана мүйүздүүлөрү артыкчылыкка ээ экендиги байкалды (ИИ=1,0, n=2). Бука топоздордон кийинки басымдуулук рангын инек топоздор ээлешкени менен, алардын арасында дагы ирилери жана мүйүздүүлөрү артыкчылыкка ээ болушса, жаш жана орточо салмактагы инек топоздор алардан кийинки рангды ээлегендиги ортого чыкты (ИИ=0,67–0,80, n=12). Бул топтогу топоздордон кийинки иерархиялык тепкичти мамалактар ээлешсе, ал эми эң акыркы иерархиялык рангда 6 айга чейинки мамалактуу инек топоздор жайланышаары такталды (ИИ=0,34–0,66 (n=27). Ал эми мамалактары бир айга чейинки курактагы инек топоздор мамалактары менен үйүрдөн бир аз окчундап жүрүшкөнү байкалды (ИИ=0,0–0,33 (n =8). Алынган материалдар топоздордун бийик тоолуу жайыт шарттарында кунардуулугун оптималдаштыруу, бакубаттуулугун жакшыртуу жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин азайтуу үчүн колдонууга сунушталат.
Anahtar Kelimeler
Destekleyen Kurum
Proje Numarası
Etik Beyan
Teşekkür
Kaynakça
- Anderson, D.M., Estell, R.E., Cibils, A.F. (2013). Spatiotemporal Cattle Data – A Plea for Protocol Standardization. Positioning, 4(1): 115 136. https://doi.org/10.4236/pos.2013.41012.
- Barnard, S., Calderara, S., Pistocchi, S. et al. (2016). Quick, Accurate, Smart: 3D Computer Vision Technology Helps Assessing Confined Animals' Behaviour. PloS one, 11 (7), e0158748. https://doi.org/10.1371/journal.pone.0158748.
- Barroso, F.G., Alados, C.L., & Boza, J. (2000). Social hierarchy in the domestic goat: Effect on food habits and production. Applied Animal Behaviour Science, 69, 35 53. https://doi.org/10.1016/S0168-1591(00)00113-1.
- Batista, P., Almeida, G., Sarmento, R., Pandorfi, H., Melo, A., Monteiro, M., Medeiros, V., Gonçalves, G. (2019). Monitoring the bovine activity in grazing by an electronic sensing device based on GPS. Revista de Ciencias Agrarias, 42. 31 40. https://doi.org/10.19084/rca.17264.
- Bello, Rotimi-W., Abubakar, S. (2020). Framework for Modeling Cattle Behavior through. Grazing Patterns, 4. 75 79. https://ssrn.com/abstract=3813680.
- Bennett, I.L. & Holmes, C.R. (1987). Formation of a feeding order in a group of cattle and its relationship with grazing behaviour, heat-tolerance and production. Applied Animal Behaviour Science, 17, 9 18. https://doi.org/10.1016/0168-1591(87)90003-7.
- Broom, D.M. & Leaver, J.D. (1978). Effects of group-rearing or partial isolation on later social behaviour of calves. Animal Behaviour, 26, 1255 1263. https://doi.org/10.1016/0003-3472(78)90116-1.
- Chillo, V., Ojeda, R. (2014). Disentangling ecosystem responses to livestock grazing in drylands. Agric Ecosyst Environ, 197:271 7. https://doi.org/10.1016/j.agee.2014.08.011.
Ayrıntılar
Birincil Dil
Kırgızca
Konular
Hayvan Davranışı
Bölüm
Araştırma Makalesi
Yazarlar
Askarbek Tulobaev
*
0000-0003-1349-6511
Kyrgyzstan
İsmail Şen
0000-0002-2965-7183
Kyrgyzstan
Hasan Hüseyin Ari
0000-0001-7168-4014
Kyrgyzstan
Nurbek Aldayarov
0000-0001-8693-5904
Kyrgyzstan
Ruslan Salykov
0000-0001-8211-6813
Kyrgyzstan
Asel Dzhalmagombetova
0009-0002-3210-2493
Kyrgyzstan
Yayımlanma Tarihi
23 Haziran 2026
Gönderilme Tarihi
22 Ocak 2026
Kabul Tarihi
9 Nisan 2026
Yayımlandığı Sayı
Yıl 2026 Cilt: 16 Sayı: 1