Мал ылаңдарын алдын алуудагы кыргыз элинин салттуу ыкмалары
Öz
Кыргыз эли көптөгөн кылымдарды карыткан бай маданий мураска ээ этнос. Көптөгөн кылымдар бою алар көчмөн мүнөздүү турмуш-тиричилик кечирип жашап келишкен. Бүгүнкү күндөрдө дагы айыл жергелериндеги мал чарбасы менен алектенген калк жарым-жартылай көчмөн турмушта жашап келишет. Этноветеринардык медицинадагы билимдер, усулдар жана практикалар кыргыз элинин көчмөн цивилизациясынын татаал жана дээрлик изилденбеген бөлүгү болуп келет. Башка этникалык тайпалар сыяктуу эле, кыргыз эли дагы өсүмдүк, айбан жана минерал табияттуу өндүрүмдөрдү мал дарыгерликте кеңири пайдаланышып, ар кандай ритуалдарды дагы колдонуп келишкен. Мындай этноветеринардык дары каражаттары негизинен элдик ыкмалар, ишенимдер, билимдер, практикалар жана усулдар менен тыгыз байланышкан. Салттуу билимдерге, ыкмаларга жана усулдарга таянган дары каражаттарын малдын ылаңдарын алдын алууда, малдын дарттарын дарылоодо колдонуу көчмөн кыргыз эли үчүн абдан маанилүү болгон. Кыргыз элинин мал ылаңдарын алдын алуудагы колдонгон каражаттарынын жана ыкмаларынын көпчүлүгү илимий негиздөөгө алынган эмес, ошондуктан бүгүнкү күнгө дейре илимий-врачтык далилдөөгө караганда этнографиялык кызыгууну жаратып келет. Бул макаланын максаты – кыргыз элинин малдын ылаңдарын алдын алууда колдонулган салттуу билимдерин жана ыкмаларын изилдөө болуп саналат. Изилдөөлөрдүн максатына ылайык илим-изилдөө мекемелеринин архивдеринде, илимий китепканаларда иликтөө иштери, Ысык-Көл жана Нарын областарында байкоолор, малчылар жана ветеринардык адистер менен жеке сурамжылоолорго негизделген талаа изилдөөлөрү жүргүзүлдү. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында төмөндөгүдөй маалыматтар алынды: мал баш калкалоочу жайлардын жалпы «санитардык-эпидемиологиялык» тазалыгын камсыздоо иш-чараларынын аткарылышы; жайыттын-конуштун «колдоочуларына» жана малдын «пирлерине» арналган ырым-жырымдар; малды жыландардан, курт-кумурскалардан жана башка мителерден коргоо иш-чаралары; жыл мезгилдерине тиешелүү коркунучтарды алдын алуу иш-чаралары; бооз малды, жаш төлдү жана төлүн эмизген малдын ден-соолугун сактоого карата жүргүзүлгөн иш-чаралар; мал ылаңдарын алдын алууда санитардык-гигиеналык ыкмаларды, минералдарды жана дары өсүмдүктөрдү колдонуу; малдын жугушсуз, жугуштуу жана мите ыдаңдарын алдын алуудагы иш-чаралар.
Anahtar Kelimeler
Destekleyen Kurum
Proje Numarası
Teşekkür
Kaynakça
- Abramzon SM 1999. Kyrgyz zhana Kyrgyzstan tarykhy boyuncha tandalma emgekter. Kotorgon S. Mambetaliyev, D. Sulaymankulov, S. Makenov. B., «Kyrgyzstan SoroS» fondu, 896. (in Russian).
- Aldashev AA 1989. Etapy razvitiya veterinarii v Kirgizii. Frunze, Ilim, 124. (in Russian).
- Aliyev ND, Kuliyev KHG, Ibragimov GG 1970. Antimikrobnoye deystviye efirnykh masel nekotorykh vidov Heracleum L. iz Azerbaydzhana. Rastitel'nyye resursy. 7(1): 85 88. (in Russian).
- Altymyshev A 1976. Lekarstvennyye bogatstva Kirgizii. Frunze, Kyrgyzstan. 351. (in Russian).
- Apostolico I, Aliberti L, Caputo L, De Feo V, Fratianni F, Nazzaro F, Souza LF, Khadhr M 2016. Chemical Composition, Antibacterial and Phytotoxic Activities of Peganum harmala Seed Essential Oils from Five Different Localities in Northern Africa. Molecules. 21(9), E1235. DOI: 10.3390/molecules21091235.
- Astulla A, Zaima K, Matsuno Y, Hirasawa Y, Ekasari W, Widyawaruyanti A, Zaini NC, Morita H 2008. Alkaloids from the seeds of Peganum harmala showing antiplasmodial and vasorelaxant activeties. J. Nat. Med. 62(4): 470 472.
- Aytmatov MB, Alymbekov KA, Baytөlөev EB zh.b. 2017. Kyrgyz elinin salttuu bilimderinin negizderi. Khrestomatiya. Bishkek, 304 (in Kyrgyz).
- Bakanov T 1971. Narodnaya veterinariya v Kirgizii. Sel'skoye khozyaystvo Kirgizii. 12: 34 35. (in Russian).
Ayrıntılar
Birincil Dil
Rusça
Konular
Veteriner Cerrahi
Bölüm
Araştırma Makalesi
Yazarlar
Gulnaz Askarbek
0000-0003-3514-4867
Kyrgyzstan
Askarbek Tulobaev
*
0000-0003-1349-6511
Kyrgyzstan
Yayımlanma Tarihi
23 Aralık 2021
Gönderilme Tarihi
22 Şubat 2021
Kabul Tarihi
21 Ekim 2021
Yayımlandığı Sayı
Yıl 2021 Cilt: 11 Sayı: 2
Cited By
Түркстандын Жети-Суу областынын Пишпек жана Пржевальский уездериндеги ветеринария тармагынын абалы (1868 1917-жж.)
Manas Journal of Agriculture Veterinary and Life Sciences
https://doi.org/10.53518/mjavl.1184575КЫРГЫЗСКАЯ ЛОШАДЬ: ИСТОРИКО-ЭТНОГРАФИЧЕСКИЙ ОБЗОР
Вестник Ошского государственного университета. Сельское хозяйство: агрономия, ветеринария и зоотехния
https://doi.org/10.52754/16948696_2024_2(7)_8