Strawberry Fragaria ananassa Duch. is a perennial herbaceous plant grown in large areas around the world. It grows best in subtropical warm, cool climates, and its fruits are a very valuable food for human with its unique color, aroma and taste. Strawberries are used in pure form when fully ripe, as well as in the manufacture of sweets and beverages. Strawberry growing is an important and priority area in Kyrgyzstan and is grown mainly in the field, so they ripen in summer and go on sale. Strawberries, like other plants, are susceptible to various diseases and pests during cultivation. In addition to diseases and pests, nematodes live around the plant's roots, impairing plant nutrition and reducing yields. A survey was conducted in Chuy province, which is major strawberry growing region in Kyrgyzstan to study the occurrence of plant-parasitic nematodes associated with strawberry. A total 25 soil and 7 foliage samples containing mixed populations of 10 genera belonging to order Tylenchida were analyzed. The identified genera were: Aphelenchoides, Aphelenchus, Criconema, Ditylenchus, Gracilacus, Helicotylenchus, Paratylenchus, Pratylenchus, Tylenchorhynus and Tylenchus. Frequency and density of each genera were variable from field to field. Tylenchus and Helicotylenchus genera were most frequent with 88 % and 72 %, respectively. A dangerous nematode of strawberry, Aphelenchoides fragariae, has been found to occur in very low frequencies in fields. No species belonging to the genus Meloidogyne were found in the specimens. However, many of the observed species are important parasites of strawberry, but it is not serious problem for region according to species status, prevalence and frequency.
Кулпунай Fragaria ananassa Duch. дүйнө жүзүндө кеңири аянттарда өстүрүлгөн, көп жылдык чөп өсүмдүгү. Ал субтропикалык жылуу, салкын климатта эң жакшы өсүп, анын жемиштери өзгөчө өңү, жыты жана даамы менен адамзат үчүн өтө баалуу азык болуп саналат. Кулпунай толук бышкан абалында таза түрүндө, андан сырткары таттууларды жана ичимдиктерди жасоодо колдонулат. Кулпунай өстүрүүчүлүк Кыргызстанда маанилүү жана артыкчылыктуу багыт болуп саналат. Кыргызстанда кулпунай негизинен талаа шарттарында өстүрүлөт, ошондуктан жай мезгилинде бышат жана сатыкка чыгат. Кулпунай башка өсүмдүктөр сыяктуу эле өстүрүү учурунда түрдүү илдеттер жана зыянкечтер тарабынан жабыркайт. Илдеттер жана зыянкечтерден сырткары, нематоддор өсүмдүктүн тамыр айланасында жашап, өсүмдүктүн азыктануусун начарлатып, түшүмдү азайтат. Бул илимий иштин алкагында Кыргызстандын эң көп кулпунай өстүрүлгөн аймагы болгон Чүй облусундагы кулпунай талааларындагы өсүмдүк паразиттик нематоддору изилденди. Жалпы жыйырма беш топурак үлгүсү жана жети өсүмдүк үлгүсү чогултулуп, изилдөөнүн жыйынтыгында 10 урууга кирген өсүмдүк паразиттик нематоддору аныкталды. Алар, Aphelenchoides, Aphelenchus, Criconema, Ditylenchus, Gracilacus, Helicotylenchus, Paratylenchus, Pratylenchus, Tylenchorhynus жана Tylenchus уруулары болуп, алардын ичинен Tylenchus жана Helicotylenchus уруулары 88 % жана 72 % катышы менен эң көп кездешкен уруулар болушту. Изилдөөдө Tylenchus жана Helicotylenchus урууларынан башка уруулардын кездешүүсү 50 % дан төмөн болушуп, тыгыздыгы жагынан да төмөн көрсөткүчтөргө ээ экендиги байкалды. Кулпунайдын коркунучтуу нематодасы, Aphelenchoides fragariae, талааларда өтө аз жыштыкта экендиги белгилүү болду. Үлгүлөрдөн Meloidogyne уруусуна кирген түрлөр табылган жок. Алынган жыйынтыктарга жараша, Кыргызстандын Чүй өрөөнүндөгү кулпунай өстүрүлгөн талааларында кээ бир өсүмдүк паразиттик нематоддору бар экендиги аныкталып, бирок, бул нематоддордун түрлөрү, кездешүү пайызы жана тыгыздыгы жагынан азырынча көйгөй эмес экендиги, ошону менен бирге, мындан ары кулпунай талааларындагы нематоддорду изилдөө иштери улантылуусу керектиги белгиленди.
Birincil Dil | Rusça |
---|---|
Konular | Ziraat Mühendisliği |
Bölüm | Araştırma Makalesi |
Yazarlar | |
Yayımlanma Tarihi | 23 Aralık 2021 |
Gönderilme Tarihi | 10 Mayıs 2021 |
Yayımlandığı Sayı | Yıl 2021 |