“Манас” эпосун изилдеген окумуштуулардын басымдуу бөлүгү бул эпос менен байыркы түрк (руникалык) жазма эстеликтеринин ортосундагы мазмундук, көркөмдүк окшоштуктарга көңүл бурушкан. Өзгөчө, “Манас” эпосунун генезисин изилдеген А. Н. Бернштам, Р. Кыдырбаева, А. Бакиров ж.б. окумуштуулар эпосто чагылдырылган жашоонун, тарыхый окуялардын, коомдук-этнографиялык кубулуштардын негизинде VII-X кылымдардагы байыркы түрк/кыргыз доору жатканын болжолдошкон. Чындыгында эле “Манас” эпосу менен байыркы түрк (руникалык) жазма эстеликтеринин, байыркы түрк доорунун ортосунда биртоп окшоштуктар бар. Алардын бири – бул эл башкарган бектердин, баатырлардын жанындагы жөкөрлөрү. Белгилүү болгондой, Манастын жанында ага тирек болгон кырк чоросу жүргөн. Ошол эле мезгилде Энесай жазма эстеликтеринде өмүр-баяны сүрөттөлгөн бектердин да кырк жигити болгон. Макалабызда мына ушул окшоштук каралып, кеңири иликтөөгө алынды.
“Манас” эпосу Орхон-Энесай жазма эстеликтери кырк чоро кырк эр.
Birincil Dil | Rusça |
---|---|
Bölüm | Araştırma Makalesi |
Yazarlar | |
Yayımlanma Tarihi | 22 Şubat 2019 |
Gönderilme Tarihi | 10 Kasım 2018 |
Yayımlandığı Sayı | Yıl 2019 |
MANAS Journal of Social Studies (MANAS Sosyal Araştırmalar Dergisi)