Кыргыз Тилиндеги “Той” Концептинин Улуттук Мазмуну
Öz
Макалада улуттук маданияттын бир түрү болгон “той” түшүнүгү аркылуу кыргыз элинин таанып билүүсү, көз карашы, этноменталдык өзгөчөлүгү ачып көрсөтүлөт.
Тил илиминде тил менен маданияттын өз ара байланышы, тилди окуп-үйрөнүү аркылуу маданияттын формасын окуп-үйрөнүү маселелери негизги делип эсептелинет. Маданият – бул адамзаттын коомдогу жетишкендиктеринин (акыл-ойдун, илим-билимдин ж.б.) жыйындысы. Ар бир улут өз элинин маданиятын ар башкача чагылтат. Ал ошол элдин үрп-адатынан, жашоо-турмуш маданиятынан, жүрүш-туруш, сүйлөө маданиятынан көрүнөт. Мисалы, түрк элдеринин руханий маданиятында, башка дүйнө элдериндегидей эле, ар кандай жакшылыктарда эл чакырылып, тамак-аш берилип, оюн-тамаша менен коштолуп өткөрүлүүчү “той” каада-салты бар. Бул каада-салт байыртадан бери улуттук маданияттын бир түрү катары өткөрүлүп келүүдө.
Бул макалада кыргыз элинин улуттук маданиятынын бир түрү болгон “той” түшүнүгү өзүнчө концепт катары алынып, когнитивдик лингвистиканын лингвомаданий ыкмасы менен талдоого алынды. Концепт менталдык түшүнүк болгондуктан тил менен маданияттын байланышы аркылуу изилденет жана изилдөөнүн жыйынтыгында тигил же бул элдин ой жүгүртүүсү, таанып билүүсү, элестөөлөрү, моралдык-нравалык көз карашы, дүйнө тууралуу маалыматтары ж.б. өзгөчөлүктөрү көрсөтүлөт. Когнитивдик лингвистиканын максаты – изилдөөгө алынган концептти вербалдык форма аркылуу дээрлик толук чагылдырып берүү.
Изилдөөбүздүн максаты да кыргыз тилиндеги “той” концептинин универсалдык жана элдик жалпы жоболорго негизделген этноменталдык өзгөчөлүгүн ачып көрсөтүү. Иликтөө ишибизде “той” концептин чагылдырууга “катышкан” тилдик каражаттардын: сөздүктөрдөгү түшүндүрмөлөр, “той” сөзүнүн этимологиясы, “той” сөзү катышкан тилдик бирдиктер, жакын маанидеги сөздөр, паремиялар, фольклордук чыгармалар, көркөм адабий чыгармалар ж.б. факт-материалдардын негизинде талдоо жөргүздүк. Жыйынтыгында кыргыз элинин “той” түшүнүгүнүн улуттук мазмуну аныкталды. Алар төмөндөгүлөр: той – жакшылык; той – бата алуу; той – каада-салт; той – байлык; той – оюн-зоок; той – ынтымак.
Anahtar Kelimeler
Kaynakça
- Алимбеков, А. (2017). Түрк дүйнөсүнүн ойчулдарынын мурастарындагы педагогикалык идеялар. Бишкек: “Улуу тоолор”.
- Досмұхамедұлы, Х. (1991). Аламан. Алматы: Ана тiлi.
- Древнетюркский словарь. (1969). Редакторы В.М.Наделяев, Д.М. Насилов, Э.Р.Тенишев, А.М.Щербак. Л.: “Наука”, Ленинградское отделение.
- Ибрагимов, М. (2005). Кыргыз макал-ылакап, учкул сөздөрү. Кара-Балта.
- Иптаруулу, С. (2012). Кыргыз жан дүйнөсү.Бишкек: “Шоокум”.
- Койчуманов, Ж.Ы., Кадыров Ы. (2012). Макал-лакаптар, нуска сөздөр, накыл кептер, залкар ойлор. Бишкек: КР Билим берүү академиясы.
- Кыргыз тилинин сөздүгү. (2010). (редкол: А.Акматалиев ж.б.). Бишкек: “АВРАСИЯ ПРЕСС”
- Кыргыз тилинин түшүндүрмѳ сѳздүгү. II бөлүк. (2015). (редкол: А.Акматалиев ж.б.). Бишкек: «АВРАСИЯ ПРЕСС»
Ayrıntılar
Birincil Dil
Türkçe
Konular
-
Bölüm
Derleme
Yazarlar
Burul Saginbayeva
*
0000-0002-3178-9329
Kyrgyzstan
Yayımlanma Tarihi
24 Nisan 2020
Gönderilme Tarihi
29 Mart 2019
Kabul Tarihi
12 Şubat 2020
Yayımlandığı Sayı
Yıl 2020 Cilt: 9 Sayı: 2