XIX кылымдын 60-жылдарынан баштап Кыргызстандын учурдагы аймактары Россия империясынын курамына каратылган. Ошондуктан Кыргызстандын ветеринария тармагынын XIX кылымдын акырындагы жана XX кылымдын башындагы абалы Россия империясынын ветеринария тармагынын өнүгүү тарыхы менен тыгыз байланыштуу. Бул макаланын максаты – Түркстандын Жети-Суу областынын Пишпек жана Пржевальский уездериндеги ветеринария тармагынын 1868 1917-жылдардагы абалын Россия империясынын ветеринариясынын калыптануусунун жана өнүгүүсүнүн биринчи этабына салыштырып иликтөө болуп саналат. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында төмөндөгүдөй маалыматтар алынды: XIX кылымдын 70-жылдарына чейин Түркстанда эле эмес, Россиянын Европалык бөлүгүндө дагы “ветеринардык врач” термини көпчүлүк калкка белгисиз болгон. 1879-жылы Түркстан аймагына бодонун көк көйнөгү (чума, Morbillivirus infectious disease, pestis bovum) жугуштуу ылаӊы жайылып, Россия өкмөтү ылаңды жоюу боюнча практикалык чараларды кабыл алып, каражат бөлүп, ветеринардык адистерди жөнөткөн. 1910-жылы Жети-Суу облусунда, андан кийин Түркстанда бодонун көк көйнөгүнүн эпизоотиясын токтотууга жетишишкен. Кыргызстандагы ветеринардык кызматтын башаты катары 1891-жылы Чалдыбарда ветеринардык пункттун ачылышы эсептелинип келген, бирок, Россиянын мамлекеттик императордук архивинин маалыматына ылайык 1888-жылдан баштап Беловодское айылында ветеринардык пункт иш жүргүзгөн. Демек, Кыргыз Республикасынын ветеринардык кызматынын тарыхый башаты 1888-жыл деп кабыл алынышы керек. 1907-жылдын 29-30-апрелинде Пишпекте ветеринардык врачтардын бодонун көк көйнөгү менен күрөшүүгө арналган кеңешмеси өткөрүлгөн.
From the 60s of the 19th century, the current territories of Kyrgyzstan were included in the Russian Empire. Therefore, the situation of the veterinary medicine of Kyrgyzstan at the end of the XIX century and the beginning of the XX century is closely related to the history of the development of the veterinary medicine of the Russian Empire. The aim of this article is to investigate the state of veterinary medicine in Pishpek and Przhevalsky counties of the Semirechye Oblast of Turkestan in 1868-1917 compared to the first stage of formation and development of veterinary medicine of the Russian Empire. As a result of the research, the following information was obtained: until the 70s of the 19th century, the term "veterinary doctor" was unknown not only in Turkestan, but also in the European part of Russia. In 1879, the plague of cattle (Morbillivirus infectious disease, pestis bovum) spread in the Turkestan region, and the Russian government took practical measures to eliminate the disease, allocated funds and sent veterinary specialists. In 1910, they managed to stop the epizootic of plague in Semirechenskaya Oblast, and then in Turkestan. The beginning of the veterinary service in Kyrgyzstan was considered to be the opening of a veterinary station in Chaldibar in 1891, but according to the information of the State Imperial Archive of Russia, a veterinary station operated in the Belovodskoe village from 1888. On April 29-30, 1907, a meeting of veterinary doctors dedicated to combating the plague of cattle was held in Pishpek.
Kyrgyzstan veterinary service history of veterinary medicine
Birincil Dil | Rusça |
---|---|
Konular | Veteriner Cerrahi |
Bölüm | Derleme |
Yazarlar | |
Erken Görünüm Tarihi | 24 Haziran 2023 |
Yayımlanma Tarihi | 1 Temmuz 2023 |
Gönderilme Tarihi | 5 Ekim 2022 |
Yayımlandığı Sayı | Yıl 2023 |