ЧЫНГЫЗ АЙТМАТОВДУН ПОВЕСТТЕРИНДЕГИ ТРАГЕДИЯЛУУЛУК: «БЕТМЕ-БЕТ», «ГҮЛСАРАТ», “АК КЕМЕ” ПОВЕСТТЕРИНИН НЕГИЗИНДЕ
Öz
Чынгыз Айтматов XX кылымдагы социалдык катаклизмдерди, согуштун каарын, социалдык турмуштагы катаал чындыкты көркөм аңдоого умтулган, философиялык, нравалыкэтикалык, экологиялык глобалдык маселелерди кабыргасынан койгон дүйнөлүк жазуучулардын бири. Анын чыгармаларынын негизинде аалам жана адам, адам жана табигат, жеке адамдын тагдыры жана идеология өңдүү маселелер камтылып, ал маселелер тарыхтын жана адам тагдырынын трагедиялуу учурлары аркылуу көркөм иликтөөгө алынат. Андыктан трагедия Айтматовдун чыгармаларынын негизги чордонунда турат деп айтсак жаңылбайбыз. Мунун өзү Айтматовдун чыгармасындагы трагедиялуулук кандай өңүттөн көрүнөт, кандай пафоско ээ деген суроону жаратпай койбойт. Бул суроого биз жазуучунун үч повестинен жооп издөөнү максат кылабыз. Алар: “Бетме-бет”(1957), “Гүлсарат”(1966), “Ак кеме”(1970) повесттери. Аталган повесттер кыргыз адабиятынын өнүгүү мезгилине туш келген учурда жаралган чыгармалар. Экинчи жагынан, бул үч повесть тең нагыз кыргыз дүйнөсүнүн, жашоо-турмушунун трагедиялуу кырларын чагылдырганы менен кызыгууну туудурат. Үчүнчүдөн, бул чыгармалардагы улуттук жашоо-турмуштун кырлары жалпы адамзаттык көйгөйлөрдү көтөрөт. Булардан тышкары үч повестте тең трагедиялуулуктун мүнөздүү белгилери болгон – трагедиялык кырдаал-шарт, трагедиялык күнөө, трагедиялык конфликт, трагедиялык каармандардын тагдыр-турмушу орун алган. Ч.Айтматовдун чыгармаларында трагедиялуулуктун экспликациясы үчүн изилдөөдө тарыхый-филологиялык, о.э. контекстуалдык жана герменевтикалык анализ колдонулду.
Anahtar Kelimeler
Kaynakça
- Акматалиев А. Чингиз Айтматов: человек и вселенная. – Б.: Илим, 2013. – 576 с.
- Аристотель Собр. соч. в 4 Т. – Т.4. М.: «Мысль», 1984. С. 645-680.
- Артамонов С. Трагическая тема в литературе // Эстетика и современность. М.: 1965. С.78-112.
- Асаналиев К. Движение во времени. – Фрунзе: Кыргызстан, 1978. – 276 б.
- Айтматов Ч. Чыгармалар жыйнагы. – 8 томдук. – Б. – т. . – 2014.
- Борев Ю.Б. Эстетика: Учебник / М,: Высш. шк., 2002. — С.62-80.
- Большая советская энциклопедия: В 30 т. М.: 1977. Т. 26. С. 387-391.
- Введение в литературоведение / Под ред. Г. Поспелова. М.: 1988. С. 123-128.
Ayrıntılar
Birincil Dil
Rusça
Konular
-
Bölüm
Araştırma Makalesi
Yazarlar
G. Stanaliyeva
Bu kişi benim
Yayımlanma Tarihi
1 Temmuz 2015
Gönderilme Tarihi
1 Temmuz 2015
Kabul Tarihi
-
Yayımlandığı Sayı
Yıl 2015 Cilt: 4 Sayı: 3